Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Израилдин айынан бир нече мамлекет Eurovision сынагына катышуудан баш тартты


Базелде өткөн сынакта Израилдин өкүлү Юваль Рафаэл экинчи орунду алган.
Базелде өткөн сынакта Израилдин өкүлү Юваль Рафаэл экинчи орунду алган.

Израил май айында Венада өтө турган Eurovision 2026 сынагына катышмай болду. Мындай чечим 4-декабрда Женевада өткөн Европалык телерадио берүүлөр бирикмесине (ЕВС) таандык Башкы ассамблеянын жыйынында кабыл алынды.

Бул чечим жарыяланган соң эле Нидерланд, Испания, Ирландия жана Словения ыр сынагына катышуудан баш тартышты.

Буга чейин бир катар өлкөлөрдүн улуттук телерадио компаниялары эгер Израилге катышууга уруксат берилсе иш-чараны бойкотторун эскертишкен. Алар мындай кадамга Газа тилкесиндеги согуш үчүн барышты.

Андан тышкары буга чейин Израилди сынактын нейтралдуулугун сактоого арналган эрежелерди бузду деп айыпташкан. Анткени 2025-жылы Израил өз катышуучусу Юваль Рафаэлге добуштарды адилетсиз жол менен камсыз кылды деген айыптоолор айтылып келген.

Талкуу учурунда Испания, Түркия, Словения жана Бельгия Израилди катуу сынга алышты. Швеция болсо бейтарап позицияны карманып, сынакка саясатты аралаштырбоого чакырды. Британия да ушул көз карашты колдоду. Мындан мурда Германиянын канцлери Фридрих Мерц жана маданият боюнча мамлекеттик министри Вольфрам Ваймер Израилдин катышуусун колдоп чыгышкан.

Белгилей кетсек, быйыл Базелде өткөн сынакта Юваль Рафаэл телесурамжылоодогу добуштардын аркасы менен экинчи орунду алган. 2024-жылы Швецияда жана быйыл Швейцарияда өткөн иш-чарада Израилдин катышуусу башка өлкөлөрдүн нааразылыгын жараткан.

Бул сынакка Беларус 2021-жылдан, Орусия 2022-жылдан тартып катышпай келет. Бул өлкөлөрдүн телекомпаниялары конкурстун эрежелерине жана баалуулуктарына каршы келгени үчүн уюштуруучулар аларды четтеткен.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG