Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Майыптыгы бар 258 адам "социалдык ипотека" аркылуу үй алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 4-декабрда майыптыгы бар адамдар маселесине байланыштуу жыйын өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, анда жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

"2022-жылдан тарта социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү эки эсеге көбөйтүлдү. 2025-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда бул максаттарга 8,6 млрд сом каралган, ошол эле учурда жөлөк пулдун орточо өлчөмүн (6 411 сом) жашоо минимумунун деңгээлине жеткирүү пландаштырылууда. Ушул жылы майыптык боюнча пенсияларга 7,6 млрд сом багытталган, анын орточо өлчөмү 9 600 сомго жетти", – деген Касымалиев.

Расмий маалыматка ылайык, ушул тушта 14 миңден ашык адамга майыптуулугу бар жарандарга жардам көрсөткөнү үчүн акы төлөнүп жатат. "Социалдык ипотека" программасы аркылуу 268 киши үй алды.

Буга чейин Жогорку Кеңеште социалдык ипотекага кезекке тургандардын маселесин көтөрүлгөн. Парламенттин буга чейинки чакырылышндагы депутат Айсулуу Мамашева Ал президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, бул жаатта нааразылык көп экенин, акыйкатсыздык болуп жатканын айткан. Айрыкча оорукчан балдарын баккан үй-бүлөлөр там-таштан мукурап турганын белгилеген.

Статистикага караганда, Кыргызстанда майыптыгы бар жарандарын саны 218 миңге жетет жана бул калктын 3% түзөт. 38 миңи 18 жашка чыга элек балдар. Байкоочулар майыптыгы барларга берилген жардам, камкордук жана жөлөк пул аз экенин белгилешет.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG