Жээнбеков көп векторлуу саясатка даярбы?
Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков өткөн аптада Түркия жана Бельгияга сапар менен барды. Президенттин бул сапары мурдагы бийлик учурунда солгундаган саясий диалогду жандантуу катары кабыл алынды. Азыркы шартта Кыргызстандын тышкы саясаты кандай болушу керек? Орусияга ыктаган көндүмдөн алыстап, реалдуу көп векторлуу багытта саясат жүргүзүүгө бийликтин эрки жетеби? “Азаттыктын” "Эксперттер талдайт" көрсөтүүсүндө ушул суроого жооп издедик. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов, Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси, дипломат Болот Жунусов, мурдагы экономика министри, коомдук ишмер Эмил Үмөталиев катышты.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 02, 2025Жогорку Кеңеш: Эски депутаттар, жаңы жүздөр
-
Декабрь 01, 2025Жаңы парламент кандай болот?
-
Ноябрь 26, 2025Москванын Кыргызстанга кызыгуусу арттыбы?
-
Ноябрь 11, 2025Жогорку Кеңешке Мамдани сыяктуу саясатчы келеби?
-
Сентябрь 25, 2025Жогорку Кеңеш кезексиз таркады. Шайлоо кандай өтөт?
-
Сентябрь 19, 2025Менчик кол тийбестиги коркунучтабы?