"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Сауд өнүктүрүү фонду 16 мектеп куруу үчүн Кыргызстанга бөлгөн насыяга 27 мектеп салынмай болду.
Бишкекте Кытай, Орусия баштаган сегиз мамлекеттин муфтийлери, дин комиссиялары жана эксперттери чогулуп, исламий экстремизмге каршы күрөштү талкуулашты. Алар ар бири бул жааттагы тажрыйбалары менен бөлүшүп, радикализмдин алдын алуу ыкмарын сунуш кылышты. Бирок ошол эле кезде бул өлкөлөрдүн мусулман коомчулуктарынын кээ бир көз караштары дал келбей турганын айтып, чогуу күрөштөн майнап чыгарынан шектенгендер да болду.
Үч жыл мурда кожоюндары алмашкан "Вечерний Бишкек" гезитинин айланасында жаңы кылмыш иши ачылды.
Жерүйдү иштетүү укугун алган "Альянс Алтын" компаниясы завод курууну кечеңдетип жатканы үчүн 600 миң доллар айып төлөдү.
Бишкекте бала сатуу фактысы боюнча төрөт үйлөрүнүн биринин кызматкерлерине кылмыш иши козголду.
Ушул тапта интернет айдыңында кабарчылардын суроосуна жооп берип жатып, гимндин текстин билбей калган депутаттардын жоругу катуу талкууга түштү. Көпчүлүк муну мамлекетти сыйлабастык катары баалап, өлкөнүн башкы символдук ырын билбеген эл өкүлдөрүн мандатынан ажыратууну да талап кылышты.
Кыргызстанда Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” түзүлдү.
Орусия жыл башынан бери Кыргызстандан барган 300 тоннадай жашылча менен мөмө-жемишти артка кайтарды. Буга чейин Казакстан да 47 жолу азык-түлүктү Бишкекке кайра жөнөткөн. Буга товарлардын фитосанитардык сертификаттары жараксыз жана талапка жооп бербегени себеп болгон. Тийиштүү органдар Евразия Экономикалык Биримдигинин талаптары тууралуу ишкерлер эскертилип жатканын билдиришүүдө.
Аба кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкуудан өтүп жатат.
Бишкекте ЖАМКтын күзөт департаментинин жоокери сот имаратында өзүн атып алды.
Эл аралык илим жана бизнес университетинин жетекчиси Нургалы Асаналиев бир нече факты боюнча алдамчылыкка шектелүүдө.
Финансы полициясы жыл башынан бери бюджетке төрт миллиард сомго жакын каражат зыян келтирилгенин аныктады.
Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү ошол эле кызматты эми Ош облусунда аткара турган болду.
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов соттун чечими менен тергөө аяктагыча, 29-августка чейин камакка алынды. Бирок Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев алар бул чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна даттанышаарын билдирди.
Кыргызстанда медреселердин макамы жана алардын бүтүрүүчүлөрүнүн тагдыры талкууга алынды.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кызматын тапшырды.
Милициянын имаратында киши колдуу болгон Бурулайдын ата-энеси анын сөөгүн эксгумациялоону талап кылууда.
Өкмөт кийинки беш жылда инвестиция тартууну кескин күчөтөөрүн жарыялады.
Дин жөнүндө мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр коомдун сынына коюлду.
Башкы прокуратура Мамкаттоодо өткөн тендердеги мыйзам бузуу боюнча кылмыш ишин козгоду.
Дагы жүктөңүз