"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Юстиция министрлиги Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) лидери катары Сагынбек Абдрахмановду каттады. Экс-президент Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган партиянын катчылыгы болсо муну рейдерлик деп атоодо.
24 сотых жер мурда окуу жайына тиешелүү болгону, кийин андан мыйзамсыз чыгарылганы маалым болду.
16-апрелде Сооронбай Жээнбеков Берлинде федералдык президент Франк-Вальтер Штайнмайер жана канцлер Ангела Меркел менен жолукту.
Баткен облусунун прокурорун өлтүрдү деп айыпталган Мелис Калыковдун жакындары президентке кайрылды.
Кыргызстан 2018-жылы чет жакка 16 тоннадан ашык таза алтын экспорттоду.
2019-жылдын алгачкы эки айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын сыртка экспорту азайганы байкалды. Былтыр жыл ичинде да бул көрсөткүч дээрлик өскөн эмес эле.
Депутаттар бажыдагы аткезчиликти текшерүү боюнча атайын комиссия түзүү демилгесин көтөрүштү.
УКМКнын экс-жетекчиси Мурат Суталиновду бошотуу тууралуу адвокаттын өтүнүчүн сот кийинкиге калтырды.
9-апрелде Бишкек шаардык сотунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу түрмөдөн бошотуу маселеси каралып, тогуз күбө суралды. Бир күбө келбей калганы үчүн кийинки отурум 15-апрелге жылды.
Кыргызстанда бир катар бизнес-ассоциациялар чылымга каршы мыйзам долбоорун айыптап чыгышты.
Бир жылда 155 милиция кызматкери жумуштан айдалды. Дагы 300гө жакыны кызматынан төмөндөдү. Ички иштер министрлиги муну тазалануу үчүн жасалган аракет катары түшүндүрүүдө.
УКМК вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айланасындагы маалыматтарды териштире баштады.
Эл аралык Валюта Фонду кыргыз өкмөтүн Кумтөр кенине альтернатива боло турган өндүрүштү табууга чакырды.
Бир катар депутаттар 8-марттагы жүрүштү кескин айыптап, акцияны «гей-парад» катары баалашты.
Кыргызстан «ВСП+» системасын колдонууга уруксат алгандан бери Европага экспорту эки эсе өстү.
Кыргызстан 2018-жылкы бюджетин жети миллиард сомго жакыныраак таңсыктык менен жапты.
Соттолгондор шайлоодо талапкер боло албай турган мыйзам долбоору даярдалды.
Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча козголгон негизги кылмыш иши сотко өттү.
Владимир Путиндин Бишкекте өтчү сапарынын айрым темалары ачылгандай болду.
Мамлекеттик карыз алуунун чегин ички дүң өнүмдүн 70% чейин көтөрүүнү сунуш кылган мыйзам долбоору парламентке келди. Аны өкмөт депутаттар менен чогуу сунуш кылууда.
Дагы жүктөңүз