Бүгүн Жогорку Кеңештин Этика жана регламент комитети депутаттардын сессияга катышуу тартибин талкуулады. Бирок комитет депутаттарды сессияга үзгүлтүксүз катыштыруунун механизмин таба алган жок.
Өтүп бараткан аптада кыргыз оппозициясынын ишмердүүлүгү коомдук-саясий чөйрөнүн кеңири талкуусуна түштү. Буга оппозициядагы таасирдүү саясатчылар тобунун Орусияга иш сапары таасир этти. Бирок Москвада эки күн болуп кайткан саясатчылар сапардын максаты, жыйынтыктары, жолугушуулардын мазмуну тууралуу ачык маалымат таратышкан жок.
Өтүп бараткан апта коомдук-саясий чөйрөнүн эсинде жаңгак уюл чатагы менен кызматынан кеткен Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаровдун кайтып бийликке келиши менен калды. Анын ордун ээлеп турган мурдагы коргоо министри, генерал Исмаил Исаков азыркы бийликтин саясаты менен келише албастыгын коомчулукка жарыялап, өткөн апта этегинде кызматынан кетип калган. Кадрдык бул өзгөрүүнүн чоо-жайы тууралуу “Апта окуясынын” ушул чыгарылышында сөз болот.
15-октябрда президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы кылып дайындады. Ушул эле күнү президентти бийликтен кетирүү максатын көздөгөн революциялык жаңы кыймыл түзүлгөндүгү жарыяланды.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун тыянагы боюнча жер-жерлерде соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Айрым соттук тыянактар арыз берүүчүлөрдүн пайдасына чечилүүдө. Нааразы тараптын кыйласы БШКны административдик ресурсту колдонууга жол берди деп сындоодо. Шайлоо тыянагын тааныбай турганын буга чейин “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылы да жарыялаган эле. Борбордук шайлоо комиссиясы өз кезегинде болсо оппозициянын дооматтарын суу кечпеген доомат катары кабылдоодо.
Оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймылы ноябрда күтүлүп жаткан курултайда бийликтин бийик тепкичтериндеги акыркы саясий окуяларды өзүнчө маселе катары күн тартибине киргизбейт. Бул тууралуу кечээги координациялык жыйындын алдында лидерлердин бири Аликбек Жекшенкулов билдирди. Оппозициялык лидерлер кечээги отурумунда Кыргызстандын өнүгүү концепциясынын долбооруна толуктоолорду киргизип, курултайдын күн тартибин талкуулашты. Анткен менен БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова менен Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Исмаил Исаковдун билдирүүлөрү саясий чөйрөдө олуттуу маселе бойдон калууда.
Келерки жылы көз карандысыз мамлекеттер шериктештигин Молдова башкарат. КМШнын 10-октябрда өткөн Бишкек саммити ушундай жыйынтыкка келди. Башкаруу укугу Кыргызстанга берилген уюмдун быйылкы саммити аптанын олуттуу окуяларынын бири болду.
Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы астында КМШ кирген мамлекеттердин башчыларынын саммити өттү. Бишкек саммитине Украина, Азербайжан президенттери келбей калышты. КМШ курамынан чыгары тууралуу буга чейин жарыялаган Грузия мамлекетинен Бишкек саммитине бир да өкүл келген жок. Калган мамлекеттердин президенттери саммитке толук катышты.
Бүгүн КМШ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлер кеңешинин Бишкек жыйыны өттү. Анда КМШ мамлекет башчыларынын Бишкек саммитине камылгалар талкууланды. Бул максатта министрлер күн тартибиндеги 24 маселени карашты. Алардын катарында транспорт коопсуздугу, энергетика, чегара кызматташтыгы, Грузиянын КМШдан чыгуу арызы, Абхазияда тынчтыкты колдоочу жамааттык күчтөрдүн ишмердүүлүгүн токтотуу өңдүү маселелер бар. Ошол эле мезгилде Абхазия, Түштүк Осетия эгемендигин таануу маселеси каралган жок.
Көз карандысыз байкоочулар 5-октябрда Кыргызстан аймагында өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдирүүдө. Ушул эле күнү БШК төрагасы Дамир Лисовский шайлоо ийгиликтүү өттү деп, добуш берүү тыянактары эки күн аралыгында толук чыгарылып бүтөөрүн кабарлады.
Президенттин баласы Максим Бакиев коркутуп-үркүтүп, кордоп, күн көрсөтпөй жаткандыктан аргасыз өлкөдөн башын аман ала качып чыгып кеткендиги жөнүндө БШКнын мурдагы төрагасы Клара Кабилованын калтырып кеткен жаңжалдуу билдирүүсү өткөн аптада бүтүн өлкөнү дүргүттү. К. Кабилованын ордуна Боршайкомго төрага кылып Жогорку Кеңеш БШКнын башка мүчөсү Дамир Лисовскийди бекитти. Баш прокуратура Кабилованын кайрылусу боюнча кылмыш иши козгоп, алгачкылардан болуп Максим Бакиевди суракка алды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы болуп иштеп келген Клара Кабилова жума күнү өлкөдөн чыгып кетти. Видеотасма аркылуу тараткан билдирүүсүндө ал мындай кадамын президенттин уулу тарабынан жасалган коркутуп-үркүтүүлөр менен байланыштырып, аны камакта отурган талапкер Ишенбай Кадырбеков тууралуу БШКнын токтому менен байланыштырды. Өз кезегинде президент Клара Кабилованы кызматынан алып, анын ордуна Дамир Лисовскийди убактылуу дайындады. “Азаттыктын” “Апта окуясы” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында ушул окуянын тегерегинде сөз болмокчу.
БШК төрайымы Клара Кабилова өлкөдөн чыгып кетишин президенттин уулу Максим Бакиев тарабынан жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында жасалган кысым менен байланыштырды. Кабилованын мындай билдирүүсүн жана видеотасманы оппозиция бүгүн уюштурган маалымат жыйынында жарыя кылды. БШК Клара Кабилованы Беларусияда өтөөрү күтүлүп жаткан парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн кетти деп билдирип, видеотасма тууралуу түшүндүрмө берген жок. Президенттин маалымат кызматы да азырынча бул маселе боюнча маалымат тарата элек.
Ички иштер министрлиги КМШга мүчө мамлекет башчыларынын Бишкек саммити алдында жол коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурмай болду. Бул максатта 9-12-октябрь аралыгында баш калаанын борбордук көчөлөрүндө автоунаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилет. ИИМдин болжолунда шаары көчөлөрүнө күнүнө 140 миң чамалаш автоунаа чыгат. Ушундан улам азыр автоунаалардын тыгылышуусу күн сайын кайталанып турган учур. Тиешелүү тармактар шаардагы мындай көрүнүштү түрдүү себептер менен байланыштырып жатышат.
Кечээ “Ак жол” партиясынын Жогорку Кеңештеги фракциясы “Динге ишеним эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун жабык талкуулап, кошумча иштөөгө кайтарды. Кыргызстандагы диний уюмдарды каттоого алууну иретке келтирүү долбоордогу башкы өзгөчөлүк катары каралууда. Көз карандысыз байкоочулар болсо долбоордон мамлекеттин динди көзөмөлдөө аракетин көрүп жатышат.
Биринчи май райондук соту кечээ БШКнын Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер Ишенбай Кадырбековго каршы берилген арызды канагаттандырды. Анын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому жокко чыгарылды. БШК 19-сентябрдагы отурумунда Кадырбековдун камакта кала берүүсүн сураган Республикалык каржы полициясынын сунушун четке каккан. Бүгүн болсо Каржы полициясынын тергөөчүсүнүн катышуусунда Бишкек шаардык соту Кадырбековго таандык дагы бир арызды карары күтүлүүдө.
Бишкек шаардык кеңешке талапкер Ишенбай Кадырбековдун камактан бошотулар-бошотулбастыгы бүгүн да ачыкталбай калды.
Өтүп бараткан аптада оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймылынын коомдук парламенти кезектеги жыйынына чогулуп, азыркы мамлекеттик системаны алмаштыруу үчүн Бириккен атуулдук кыймыл түзүү максатын алдыга койду. Оппозиция өз пландарын ноябрда өтүүчү курултайда бышыктоону макулдашты. Ошол эле мезгилде коомдук-саясий чөйрөдө оппозициянын бир күч катары чыгууга кудурети жок деп санап, ага өз негиздерин келтиргендер да бар.
“Борбор Азия мамлекеттеринин, анын ичинде Кыргызстандын көп тараптуу кызматташтыкка умтулуусу суу кечпейт.” Мындай пикирин тарых илимдеринин доктору Александр Князев кечээ Бишкекте маалымат жайында билдирди. Анын алдында Князевдин коомдук фонду “Кыргызстандагы орустар” аттуу китеп чыгарды. Макалалардын топтомунан түзүлгөн бул китепте негизинен Орусиянын Борбор Азиядагы саясатынын өткөнү, азыркысы жана келечеги тууралуу сөз болот. Ошол эле мезгилде китептин түзүүчүсүнүн көз карашын жергиликтүү бир катар талдоочулар сынга алып жатышат.
Кечээ (15-сентябрь) “Акыйкат үчүн” кыймылынын алдындагы Коомдук парламенттин кезектеги жыйыны болду. Анда өлкөдөгү социалдык-экономикалык саясий кырдаал, өлкөнү өнүктүрүү концепциясынын долбоору талкууланып, анын негизинде резолюция кабыл алынды. Отурумга коомдук парламент мүчөлөрү дээрлик толугу менен катышты. Алардан тышкары Социал-демократтар партиясы, Демократиялык Бириккен Союз, Бирдиктүү Кыргызстан өңдүү ылымсанаш кыймылдардын өкүлдөрү, Топчубек Тургуналиев, Алманбет Матубраимов баштаган бир катар коомдук, саясий ишмерлер келишти.
Дагы жүктөңүз