"Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары калаа башчылыгына Азиз Суракматовдун талапкерлигин колдоду.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков тергөөчүлөр ага абакта кысым көрсөтүп жатканын билдирди.
Сооронбай Жээнбеков өкмөттү өз демилгелерин элге алдын ала түшүндүрүүнү күчөтүүнү тапшырды.
Талкууга Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Амангелди Муралиев, жергиликтүү бийлик боюнча эксперт Алмаз Кулматов жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов катышты.
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов тергөө аяктаганча деп, 29-августка чейин камалды. Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу 19-июлда Ибраимовдун бөгөт чарасын карап, ушундай чечим чыгарды.
Албек Ибраимов кылмышка шектүү катары кармалып, УКМКнын Тергөө башкармалыгына жеткирилди.
“Азаттыктын” 2х1 форматындагы саясий маегинин бул жолку коногу – Жогорку Кеңештин депутаты, “Бир бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров.
Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын өкүлдөрүнө айып коюлду.
Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат "Азаттыкка" маек курду.
Түркия ушул аптада башкаруу системасын өзгөртүп, президенттик башкарууга өттү. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын ант берүү аземине Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков катышты.
КСДПнын айрым мүчөлөрү уюмдун азыркы лидерин кетирүү демилгесин көтөрүп чыгышты.
Ал үч гектардан ашык жер тилкесин мыйзамсыз пайдаланууга берген деп шек саналууда.
Бийликти басып алуу аракети боюнча айыпталган Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин иши кайрадан тергөөгө жөнөтүлдү.
Жемкорлук кылмыштарынан өндүрүлгөн каражаттарды топтоочу атайын эсеп ачылды.
“Азаттыктын” 2х1 форматындагы саясий маегинин кезектеги коногу Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты, Кыргызстан Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев болду.
Башкы прокурор Жогорку соттун үч судьясы баш болгон бир катар адамдарга кылмыш ишин козгоду.
Президент Сооронбай Жээнбеков парламентке алгач ирет кайрылуу жасады. Анда өлкөдөгү абал, негизги көйгөйлөргө токтолуп, өз көз карашын билдирди.
УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан саясатчылардын кайрылуусу боюнча парламенттин тиешелүү комитетинде маселе көтөрүлөт.
Кыргызстандагы 13 миң гектар жерди трансформация кылуу боюнча мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.
"Ата Мекендин" лидерине мамлекет жалдап берген адвокатка Кыргызстандын адвокатурасы сөгүш жарыялады.
Дагы жүктөңүз