"35 тилкеге камера коюлган". 13-округдагы шайлоо жыйынтыгы жокко чыкты

Ноокендеги шайлоо тилкесине коюлган камера. "Азаттыктын" коллажы.

мазмуну

  • Боршайком №13 шайлоо округундагы шайлоону мыйзам бузуулардан улам жараксыз деп тааныды.
  • Округдагы 35 добушканада шайлоочулардын кыймылын мыйзамсыз көзөмөлдөп, шайлоонун купуялуулугун бузуу аракети болгон деп табылды.
  • БШК чечимине ылайык, округдан шайлоого катышкан 14 талапкер, анын ичинде көп добуш алган Бактыбек Сыдыков кайра шайлоого катыша албайт.
Борбордук шайлоо комиссиясы 13-округдагы шайлоону жараксыз деп таанып, эми ал округдан чыккан талапкерлер кайра шайлоого катыша албай турганы маалымдалды. 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо бул округдагы айрым тилкелердеги мыйзам бузуулар тууралуу видео-аудио материалдар жарыяланган.

Анда шайлоо участогундагы добушканаларда камерасын күйгүзүп, телефон илип, ага шайлоочулардын кирип чыкканын тартышкан.

БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров 3-декабрдагы жыйында токтомду жарыялады:

Тынчтыкбек Шайназаров

"Токтомдун негизинде №13 округундагы жыйынтыктар жокко чыгарылды. Аталган округдан шайлоого катышкан 14 талапкер кийинки шайлоого катыша албайт", - деди БШК төрагасы Шайназаров.

Буга чейин Боршайкомдун Ноокендеги өкүлү бул факты боюнча бир участокто шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганын журналисттерге билдирген.

№13 шайлоо окуругундагы айрым добушканаларда телефон менен шайлоочулардын келип-кеткенин тарткан учурлар тууралуу соцтармактарга бир нече видео жарыяланды. Алардын бирине тартылып калган киши өзүн талапкер Бактыбек Сыдыковдун өкүлү экенин айткан. Тасмада участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү “болбойт дегенге карабай, илип коюшту” деп айтып жатышат.

Аталган округдан 14 талапкер ат салышкан. Аты аталып жаткан Бактыбек Сыдыков баштапкы эсептер боюнча округдан эң көп - 17 397 добуш алган.

Сыдыков бул боюнча 2-декабрда Фейсбуктагы постунда билдирүү таратып, муну "негизсиз каралоо, менин жеңишимди жокко чыгаруу максаты көздөгөн" аракет катары баалаган.

Экинчи орунду 13 477 добуш менен мурдагы депутат Айбек Алтынбеков алса, парламенттин мурдагы спикери Талант Мамытов 12 096 добуш алып үчүнчү орунда келген. Шайлоочулардын 9 миңдей добушун алган Айгүл Карабекова гендердик квота менен алдыга чыккан.

Бул округдан талапкер болуп, 325 добуш алган Мунара Маматалиева шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таап, кайра шайлоого бардык талапкерлер катыша албайт деген чечимге нааразы экенин Фейсбукка жазды. Ал мыйзамда кайра шайлоо жарыяланган учурда ага катышуудан мыйзам бузган талапкерлер гана четтетилиши керектиги жазылганын эске салды.

"Жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон гана талапкерлер деп мыйзамда көрсөтүлүп жатат. Эмне үчүн бардык талапкерлер кайра бара албашы керек?" - деп суроо салды ал.

Боршайкомдун мүчөсү Узарбек Жылкыбаев шайлоодогу мыйзам бузуулар, добуш сатып алуу аракеттерине катуу чаралар аркылуу гана тыюу салынат деп эсептерин "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып билдирди:

"Бул жерде бир талапкер орнотту деп аныктаган жокпуз. Ошондуктан бардыгы боюнча чечим кабыл алдык. Коомдо ар кандай пикир боло берет. Эл, баарыбыз, мына мамлекет башчысы, укук коргоо органдары, Борбордук шайлоо комиссиясы 30-ноябрдагы шайлоону таза, ачык-айкындуулук менен атаандаштыкта өткөрүүгө аракет кылдык. Кээ бир добуштарды сатып алууга, мыйзамсыз иштерге талапкерлер жоопкерчиликтүү болушу керек. Эл акча сурап атат деген нерселерди айтпашы керек. Бул видеокамералар шайлоочулардын келишин эле эмес, сырттагы мыйзамсыз иш-аракеттерин камералар аркылуу көзөмөлдөп турабыз деген максатта коюлганы анык болуп турат. Ошондуктан биз мындай чечимге бардык. Шайлоо жакшы өттү, бардык шарттар түзүлүптүр деп утулган талапкер деле, оппозициялык маанайдагы саясатчылар деле айтып атышты. Бирок добуш сатып алуу деген балээни кандай токтотобуз деген суроолорду коюп атышты. Ушундай чараларга барганда гана токтойт. Катуу чараларга барышыбыз керек, добуш сатып алууга тиешеси бар, мыйзамсыз иш-аракеттерге барган деген талапкерлерге чечим ушундай болушу керек. Мен муну туура көрдүм, макул деп добушумду бердим".

Ошентип жыйынтык жокко чыккан учурда кайра шайлоого мыйзам бузган талапкердин гана катышуусуна чектөө коюлушу керекпи деген суроо ачык турат.

Узарбек Жылкыбаев "Азаттыкка" маегинде: "Аймактык шайлоо тилкелерине камералар орнотулган. 13-округ боюнча жалпы камераларды алып келип караганда 35 добушканада ушундай жагдай болгон экен. Бир талапкердики, мунуку же тигиники деген маалымат жок, ошондуктан бардык талапкерлерге карата чечим кабыл алдык", - деп жооп узатты.

Добуш сатып алуу болгонбу?

Жарандык активист, Кыргызстандагы шайлоолорго көп убактан бери байкоо салып келген Рита Карасартова 13-шайлоо округуна караштуу добушканада болгон окуяны "ачыктан ачык мыйзам бузуу" деп атады.

Рита Карасартова

"Эгер далилденсе, ал талапкердин ошол шайлоо тилкесиндеги добуштары жокко чыгарылышы керек же андай көрүнүштөр көп болсо, талапкердин өзүн жарыштан четтетүү керек деген мыйзамдар иштеши керек. Анткени бул жерде ачык эле добуш сатып алууну көзөмөлдөө болуп жатат. "Мени шайлайсың" деп берген акчасынын акталышын көзөмөлдөө максатында телефонду илип коюптур. Бул кудум эле далил. Ошондой көзөмөл орнотуп аткан соң, демек, акча берилген, добуш сатып алынган. Эгер акча бербесе, шайлоочуларды келдиңби, добуш бердиңби деп неге көзөмөлдөйт? Экинчиден, мында шайлоочунун добуш берүү купуялуулугу да одоно бузулуп жатат. Бул мыйзам бузууларда Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими маанилүү. Анткени, алар бийликке керек адамдардын мыйзам бузууларына көз жуумп койгон учурлар болуп жатат. Мурунку шайлоолордо деле биздин добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндө миңдеген арыздар жазылган күндө да, аймактык шайлоо комиссиясы деле, Боршайком деле чечпей койчу".

Жекшембиде өткөн шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу видео-аудио материалдар соцтармактарга жарыяланып, айрым талапкерлер добуш сатып алуу боюнча арыз менен БШКга жана укук коргоо органдарына кайрылышкан. Боршайком төрагасы кечээ күнү кайрылуу жасап, бардык арыздар каралып укуктук баа берилерин айткан.

Дагы караңыз Тутам акча, үкөк үстүнө илинген телефон. Шайлоодогу мыйзам бузуулар териштирилүүдө

№26 шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Элдар Абакиров Кемин районунда 460 миң сом менен кармалган 5-6 адам боюнча арыз каралбай калганына даттанып, акчанын чоо-жайы боюнча териштирүүнү талап кылууда. Милиция ошондой эле Кара-Суудагы ыктымал добуш сатып алуу жөнүндө интернетте тараган видеого байланыштуу текшерүү иштерин баштаганы кабарланды.

ИИМ жалпысынан 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш сатып алуу боюнча тогуз кылмыш иши козголгонун, бул боюнча 12 кишиге айыбы угузулганын маалымдаган.

30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Ага жалпы катталган 4 294 243 шайлоочунун 1 584 446сы катышты. Бул жалпы көрсөткүчтүн 36,90% түзөт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Кеңеш: Эски депутаттар, жаңы жүздөр