Украина боюнча сүйлөшүүлөр: Орус тарап аймактарга байланышкан маселе козголгонун ырастады

Америкалык чабармандар Стивен Уиткофф жана Жаред Кушнердин Орусия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүсү 2-декабрда кечинде аяктады. Маалым болгондой, сүйлөшүү беш саатка жакын созулду.

Уиткофф менен Кушнер сүйлөшүүдөн кийин АКШнын Москвадагы элчилигине барып, кийин аэропортко бет алган. Алар Орусиядан чыгып кеткени, Европага токтобостон түз эле АКШга учканы кабарланды.

Путиндин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев Х социалдык тармагына “сүйлөшүү жемиштүү болду” деп жазды.

Жолугушууда Украинадагы согушту токтотуунун жаңы версиясы талкууланды.

Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков: “Украина боюнча планда толук мунаса табыла элек, америкалык тараптын айрым сунуштары менен Орусия макул, айрымдары туура келбейт”, - деп айтып, “АКШнын тынчтык планы боюнча конкреттүү маселе талкууланбаганын” белгиледи. Ал ошондой эле “аймактар маселеси тууралуу сөз болгонун” тактаган.

Уиткофф жолугушуу бүтөрү менен дароо АКШ элчилигине кеткен жана журналисттерге эч кандай маалымат берген эмес.

Путиндин жардамчысы Ушаков “пайдалуу талкуу” болгонун, тынчтык планы боюнча азырынча “мунаса табылган вариант” жок экенин айткан.

“Кайсы бири менен макулбуз. Айрымдары сынга кабылды”, - деди ал АКШнын тынчтык планы тууралуу айтып жатып. Анын сөзүнө караганда тараптар “чечимдин конкреттүү вариантын эмес, негизин талкуулашкан”. Ушаков сүйлөшүүдө аймактарга байланышкан маселе козголгонун ырастады.

Путиндин жардамчысы Москва баштапкы 28 пункттан турган пландан тышкары дагы төрт документ алганын жана америкалык тарап менен кызматташууну улантууга даяр экенин белгиледи.

Эгер сүйлөшүүлөр жемиштүү жүрсө, Трамп менен Путиндин кайра жолугушуусуна шарт түзүлөт. Ушаковдун билдирүүсүндө, жолугушууда АКШ менен Орусиянын экономикалык кызматташтыгынын келечеги да талкууланган.

“Бул сүйлөшүүлөр Украинадагы тынчтыкка жакындадыбы же алыстап кеттиби?” деген суроого Ушаков: “Алыстабаганы анык”, - деп жооп берди. Ал ошондой эле сүйлөшүү жабык жана купуя мүнөздө болгону үчүн тараптар аны ачыкка чыгарбоону макулдашканын тактады. Америкалык тарап жолугушуу тууралуу маалымат бере элек.

Путин америкалык өкүлдөр менен жолугушуунун алдында ВТБ инвестициялык форумундагы кайрылуусунда “Украинаны деңизден бөлүп саларын” айтып, “Киевдин Кара деңиздеги танкерлерге соккусуна жооп катары украиналык портторго жана кемелерге соккулар күчөтүлөт” деди.

Путин согуш талаасындагы кырдаал тууралуу айтып, Донецк облусундагы Покровск аймагы толугу менен Орусиянын көзөмөлүндө экенин билдирди. Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы бул маалыматты четке каккан.

Дагы караңыз

"Крокустагы" кандуу окуяны актоого шек саналып дагы бир тажик жараны камалды УКМК кыргыз-кытай жарандары никелешкен учурлар кескин көбөйгөнүн жокко чыгарды Евробиримдик Орусиядан газ импорттоону 2027-жылы толук токтототСадыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Пакистанга барат