Кыргызстанда зордук-зомбулук көргөн аялдар үчүн 13 кризистик борбор иштеп келет. Кризистик борборлорго кайрылгандардын басымдуу бөлүгү үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылган аялдар. Бирок акыркы жылдары эркектерде да мындай борборлордун жардамына муктаждыгы өскөнү байкалган.
Дүйнөнүн дээрлик көпчүлүк өлкөсүндө аялдарга салыштырмалуу эркектер өз өмүрүнө кол салып, маңзат, ичкилик колдонуу менен бирге олуттуу илдетке чалдыгып, жашоо менен кош айтышат.
Эркектер өлүмүнүн басымдуулугунун себептери катары алардын моюнуна артылган жүктүн оордугу айтылат. Адатта коомчулук эркектерден материалдык байлыкты жана кесиптик чеберчиликти талап кылат дешет адистер. Ошол эле учурда эркектер турмуштун ар түрдүү кыйынчылыгына туш болгондо аялдар сыяктуу эмоциясын сыртка чыгара албайт. Ал эми кыргыз коомчулугунда деги эле психологго баруу түшүнүгү жокко эсе.
-
Айгерим Акылбекова
"Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган.
-
Токтосун Шамбетов
"Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan